Лейлек районунда телефон жана акча уурдаган жаран кармалды

Баткен облусунун Лейлек районунда телефон жана акча уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Исфана шаарынын 51 жаштагы А.А. аттуу тургуну өзү иштеп жаткан жеринен Samsung үлгүсүндөгү телефону жана 5 миң 500 сом акчасы белгисиз адамдар тарабынан уурдалгандыгын билдирип арыз менен кайрылган.

Бул арыз Лейлек РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Лейлек РИИБинин криминалдык милиция кызматкерлеринин ыкчам иликтөө иштеринин негизинде Исфана шаарынын 34 жаштагы К.С. аттуу тургуну шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Азыркы күндө тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан