Түштүк Африкада улгайган адамдын кейпинде ымыркай жарыкка келди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, ымыркайдын энеси 20 жашта, ал баланы үйүндө төрөгөн. Алгач бетин бырыш баскан ымыркайынын кары аялга окшоп турганын көргөн апасы бул көрүнүшкө таң калып, нес абалында болгон. Бирок бара-бара бул нерсеге көнүп кеткенин айткан.
Кийин 20 жаштагы эне ымыркайы менен ооруканага жаткырылган.
Ал эми доктурлар баланын мындай абалда төрөлүшүн адамдарда өтө сейрек кездешкен Гетчинсон-Гилфорд (прогерия) синдрому менен байланыштуу экенин билдиришкен. Тубаса прогерия оорусуна чалдыккан наристелер дал ушундай улгайган адам кейпинде төрөлөрүн кошумчалашкан.
Белгилей кетсек, прогерия организмдеги генетикалык бузулууга алып келген оорунун түрү. Бул синдромго чалдыккан ымыркайлардын сырткы кебетесинде өтө тез картаюу байкалат. Ошондой эле бул нерсе ички органдарга да таасирин тийгизет.
Аталган синдром ошол эле учурда өлүмгө себеп болуучу оору болуп да саналат. Бул оору менен төрөлгөн балдардын орточо жашоо мөөнөтү 14-15 гана жыл болот.