Советтик космонавт Юрий Гагариндин эстелигин оңдоп-түзөө иштери аяктады. Бул тууралуу аймактын маданият министри Нонна Лавриктин берген билдирүүсүнө таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, эстелик 3-сентябрда ачылат. Августтун ортосунда бир жаран Ловецкая дарыясынын жээгинде чачыранды скульптуранын сыныктарынын сүрөттөрүн жарыялаган. Федералдык бийликтер менен тергөөчүлөрдүн кийлигишүүсүнөн кийин Невельск мэриясы эстеликти калыбына келтирүүгө киришти.
“Биз бардык ишти жасай ала турган сүрөтчү жана скульптор Константин Колупаевди бул ишке тарттык. Ал эми эстеликти жайгаштырууга жер каралып, дээрлик бир жарым ай убакыт кетти. Эми Гагариндин эстелиги жакшырып, уялбай турган абалда болобуз”, - дейт Лаврик.
Ошондой эле ал буга чейин шаардын борборунда жайгашкан край таануу музейинин жанына Гагариндин барельефин орнотуу пландары менен бөлүшкөн. Эстеликтин ачылыш аземи жөнөкөй иш-чара менен коштолорун кошумчалаган.
Эскерте кетсек, 1971-жылы Невельск шаарынын Совет көчөсүнө СССРдин учкуч-космонавты Юрий Гагариндин эстелиги адам космоско биринчи жолу учкандыгынын он жылдыгына карата орнотулган. 1978-жылы ал калыбына келтирилип, шаардын кире беришине коюлган. 2007-жылдагы жер титирөөдө жараксыз абалга келген.