Президент Садыр Жапаров "Жарандардын айрым категорияларына социалдык жөлөк пулдун өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Президенттин жарлыгына ылайык, ай сайын берилүүчү жөлөк пулдардын өлчөмү 50 пайызга жогорулайт (2021-жылдын 1-октябрынан тарта).
- ВИЧке же СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдарга — 4000 сомдон 6000 сомго чейин;
- Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга — 4000 сомдон 6000 сомго чейин;
- Атасынан же энесинен айрылган балдарга — 1000 сомдон 1500 сомго чейин;
- Атасы менен энесинен айрылган балдарга — 2000 сомдон 3000 сомго чейин;
- Бала кезинен I топтогу майып адамдарга — 4000 сомдон 6000 сомго чейин;
- Бала кезинен II топтогу майып адамдарга — 3300 сомдон 4950 сомго чейин;
- Бала кезинен III топтогу майып адамдарга 2700 сомдон 4050 сомго чейин;
- Атасы менен энеси белгисиз балдарга — 2000 сомдон 3000 сомго чейин;
Ал эми 2022-жылдын 1-январынан тарта жөлөк пул 100 пайызга көбөйтүлөт.
- ВИЧке же СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдарга — 4000 сомдон 8000 сомго чейин;
- Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга — 4000 сомдон 8000 сомго чейин;
- Атасынан же энесинен айрылган балдарга — 1000 сомдон 2000 сомго чейин;
- Бала кезинен I топтогу майып адамдарга — 4000 сомдон 8000 сомго чейин;
- Бала кезинен II топтогу майып адамдарга — 3300 сомдон 6600 сомго чейин;
- Бала кезинен III топтогу майып адамдарга — 2700 сомдон 5400 сомго чейин;
2022-жылдын 1-январынан тарта 200 пайызга көбөйө турган жөлөк пулдар:
- Атасынан же энесинен айрылган балдарга — 2000 сомдон 6000 сомго чейин;
- Атасы менен энеси белгисиз балдарга — 2000 сомдон 6000 сомго чейин.
Айта кетсек, чыгымдар республикалык бюджеттен каржыланат.