Партиялар парламенттик шайлоого катышуу үчүн бүгүн, 3-сентябрь саат 18:00гө чейин билдирүүлөрдү тапшырууга жетишиши керек.
Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча календарлык планды бекиткен. Ага ылайык, шайлоо дайындалгандан кийин 5 календарлык күндүн ичинде шайлоого катышууну каалаган саясий партиялар билдирме жибериши керек.
2-сентябрга карата аталган комиссияга 38 партиядан билдирүү түшкөн.