"Талибан" кыймылынын командирлеринин бири 410 согушкери менен кошо Панжшер провинциясында жайгашкан Каршылык көрсөтүү фронтуна кошулду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Мавлави Гафар аттуу командир жана анын 410 жоокери Панжшер провинциясындагы өкмөттүк күчтөргө өтүп кетти деп болжолдонууда. Алардын баары Бадахшан провинциясында жашаган тажик улутундагы адамдар.
Мындан тышкары талибдер Панжшер провинциясынын бир катар райондорундагы көзөмөлүн жоготушкан. Алар Каран-о-Манжан аймагында 50-60тай жоготууга учурашкан.
Панжшер провинциясы талибдер Ооганстанда көзөмөлдөбөгөн акыркы аймак болуп саналат. Учурда бул аймакта өкмөттүк күчтөр менен "Талибан" кыймылынын ортосунда катуу салгылашуу уланууда.
Белгилей кетүүчү нерсе, "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.