Чүй облусунун Александровка айылында 200 даана саман түк толугу менен өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
"Александровка айылынын Почтовая көчөсүндөгү үйдүн короосунда жыйылган 200 даана саман түк толугу менен күйүп кеткен. Ага Москва райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн бир бөлүм тартылып, өрт саат 21:55те чектөөгө алынды. Саат 23:35те толук өчүрүлдү", - деп билдиришти ӨКМдан.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Жабыркагандар жок.