Бишкектеги "Cherdak" кафе-бардын администратору мушташтан андагы жумушчунун денесине зыян келтирилгенин айтты

Бишкектеги "Cherdak" кафе-барында болгон мушташтын чоо-жайы аныкталып, Биринчи Май РИИБинин басма сөз кызматынан маалымат таратышты.

Маалыматка ылайык, 2-сентябрь күнү саат 03:20 чамасында Биринчи Май РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө "Cherdak" кафе-барда мушташ чыкканы боюнча билдирүү келип түшкөн.

Жерине ыкчам тергөө тобу барып, мушташка катышкандарды Биринчи Май РИИБинин тергөө жайына алып келишкен. Алар 2001-жылы туулган Д.И., Т.У. жана Т.А. аттуу жарандар болгон.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Ал эми кафе-бардын администратору арыз менен кайрылып, коомдук тартипти жана жалпы кабыл алынган жүрүм-турум нормалары бузулуп, жумушчу персоналдын денесине зыян келтирилгенин жазган. Ошондой эле кафеде иштеген кызматкерлер арыз жазып, мушташтан жапа чеккендерин билдиришкен. Натыйжада аларга соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Териштирүү иштеринин жыйынтыгында, 4 жаран кармалып, алар убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп, юридикалык баа берүү иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан