Бир сутка ичинде 92 бейтап коронавирус илдетинен айыгып чыкты. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, стационарда 960 жана амбулатордук түрдө 979 адам дарыланып жатат.
Пандемия башталгандан бери жалпы 170 миң 261 бейтап илдеттен сакайды.