UFC мушкери Рафаэль Физиевдин кезектеги атаандашы белгилүү болду. Ал 4-декабрь күнү Лас Вегаста "UFC Fight Night 199" турниринин алкагында жаңы зеландиялык мушкер Бред Риддел менен беттешке чыгат. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жарыялады.
Эки мушкердин профессионалдуу беттештерде жараткан ийгилиги дээрлик бирдей болуп саналат. Тактап айтканда, экөөнүн тең эсебинде 10 жеңиш, 1 жеңилүү бар.
Ал эми UFC уюмунун жеңил салмактагылар арасындагы рейтингинде Рафаэль Физиев 13-орунда турса, Бред Риддел 12-катарда орун алган.
Бред Риддел акыркы жолу 13-июнда "UFC 263" турниринин алкагында америкалык Дрю Добер менен беттешип, калыстардын чечими менен утуп алган.
Ал эми кыргыз мушкеринин акыркы беттеши 8-августта өткөн. Анда ал "UFC 265" турниринде америкалык Бобби Гринге каршы беттешке чыгып, жеңүүчү аталган.