Орусиянын Алтай аймагында 30 жаштагы Кыргыз жараны адам өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Алтай аймагы боюнча тергөө бөлүмүнүн башчысынын жардамчысы Людмила Рязанцева маалымдаган.
Маалыматка ылайык, шектүү август айынын аягында мас абалында айыл чарба тармагында иштеген 44 жаштагы киши менен жаңжалдашып, андан кийин аны ок атуучу курал менен атып салган. Жабырлануучу алган жаракатынан улам окуя болгон жерде каза болгон.
Окуянын жагдайы жана себептерин тергөө иштери уланууда.