Япон ханбийкеси сүйүктүүсү үчүн "ханбийке" наамынан баш тартууга даяр

Япониянын экс-императору Акихитонун кызы Мако сүйүктүүсүнө турмушка чыгуу үчүн падышалык байлыктан баш тартты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Япон ханбийкеси төрт жылдан ашык убакыттан бери курсташы Кей Комурого турмушка чыгууга аракет кылып келген. Бирок анын турмуш куруусуна тоскоолдуктар болгон. Ал эми япон басылмалары муну Комуронун апасынын каржылык көйгөйлөрү менен байланыштырган. Маселен, ханбийке үйлөнүүнү тездетүү үчүн 90 миллион сомдон ашык каражаттан баш тарткан.

Белгилей кетсек, япон бийлиги падышалык макамынан ажыраган өлкө башчыларынын үй-бүлөсүнө белгилүү бир суммадагы каражат төлөп берет.

Ханбийке Мако азыркы өлкө императору Нарухито менен жубайы Масаконун улуу жээни. Ал Кей Комуро менен 2012-жылы Токиодогу университеттердин биринде окуп жүргөндө таанышкан. Ал эми Мако карапайым үй-бүлөнүн баласы Комурого турмушка чыкса, анда япон салтына ылайык "ханбийке" наамынан ажырайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Almaz-pazilbaiuulu
2021-09-03 13:26:21
Япон эмес Жапон болот
0
Dembele84
2021-09-03 15:38:21
Биздикилер болгондо жигитин уруп ойнобой только бийлик акча десе керек эле)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан