Бостериде аквапаркта каза болгон 18 жаштагы жигиттин өлүмү боюнча экспертизанын жыйынтыгы чыга элек

27-июлда Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы "Золотые пески" пансионатында аквапарктын түтүкчөсү 18 жаштагы жигитти соруп кетип каза болгону маалымдалган. Бүгүнкү күндө соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыга элек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мекеменин маалыматына ылайык, Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы аталган окуя боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин баштаган. Бирок тиешелүү соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыга элек.

Эскерте кетсек, "Золотые пески" пансионатында аквапарктын түтүкчөсү 18 жаштагы С.С. аттуу жигитти соруп кеткен. Жерине ӨКМнын, ИИМдин кызматкерлери жана эс алуучулар тартылып, түтүкчөнү кесип баланын жансыз денесин алып чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Rusi79
2021-09-03 11:54:36
Че за экспертиза ушунча чозулган же аквапарктын ДНКсын чыгарып жатасынарбы
0
Dembele84
2021-09-03 13:44:09
Аквапарк менен соодалашып буто албай жатат деп эле коюш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан