Чүйдө асынып алган келиндин окуясы. "Өзү кийип жүргөн кийимине асынып, тизелеп отурган абалда табылган"

Чүйдүн Жаңы-Чек айылында келиндин жансыз денеси бакка асынган абалда 1-сентябрь күнү табылган. Келин кийип жүргөн рубашкасына асынган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына укук коргоо органдарындагы өздүк булактар билдирди.

"Айылдын четиндеги бакка рубашкасын байлап туруп эле тизелеп отуруп коюптур. Аны эртең менен мал кайтарып жүргөндөр көрүп, милицияга кабар беришкен", - деди өздүк булак.

Буга чейин Жаңы-Чек айылынын айыл өкмөт башчысы маркум Ысык-Көл облусунан болорун, сөөктү жакындары алып кеткенин билдирген.

Чүй РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 1-сентябрь күнү Жаңы-Чек айылынан келиндин жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине ыкчам тергөө тобу барганда айылдагы мүрзөгө жакын жерден бакка асылган абалда жансыз дене табылган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Алгач денеге кароо жүргүзгөндө күч колдонуу белгилери болгон эмес. Ал эми келин 1987-жылы туулган К.Б. болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Jibani
2021-09-03 15:09:32
Журналисты жазгандан кийин окуйчунарбы жазганынарды "рубашкасын байлап туруп эле тизелеп отуруп койуптур"деген кандай созболсун 1класстын балдарындай жазасынар го
+9
Men_ele
2021-09-04 08:31:30
Адамдын жүрөгүн оорутуп кайра-кайра чыгара бергиле ушинтип ушу жанылыгынарды, башка жаңылыктар түгөндү да. Таң атпай жакшы жаңылыктар менен баштадыңар күндү.
+1
ErkinOkenovich
2021-09-04 09:04:29
Ээ тостор ушунча болду озунор эле барып, журналист болбойсунарбы. Кайра кайра эле каталарын ондоп, тузойсунор. Чыккан кабарды окуп, баанарды берип койбойсунарбы. Биринерден бирин отуп таззале сынчы болуп алдынарго.билсенер кандай аракет,мээнет менен чыгарарын кабарларды.силер журналисттерди эмес, ошол чыккан кабарды талкулайлы достор!

менден кетсе кечирим сурайм.
-16
Jibani
2021-09-04 14:00:09
ErkinOkenovich, журналисты бизге пример болсун ошибка жок жазсын,алар Эл адамы,туура жазып уйронсун,жазган нерсесин маанилуу жазсын...
+1
Jibani
2021-09-04 14:04:48
ErkinOkenovich,озун ойлончу рубашкасына асынып эле тизелеп отуруп койуптур деген соз журналисттер жазчу созбу как будто Бир досуна коргон нерсесин айтып берип жаткансып
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан