
Жалал-Абад облустук милициясы жансыз денеси табылган аялдын аты-жөнүн тактоо үчүн коомчулуктан жардам сурайт. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 9-август күнү Жалал-Абад шаарындагы кароосуз калган имараттын ичинен болжол менен 45-50 чамасындагы аял кишинин жансыз денеси табылган.
Анын аты-жөнүн аныктоого азыркы учурга чейин мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу милиция анын ким экендигин аныктоо үчүн коомчулуктан жардам сурайт.
Белгилери: Бою 150-155 сантиметр, өңү кара тору, чачы кара, узундугу 10-15 сантиметр, толмоч дене түзүлүштө.
Кийген кийимдери: Үстүндө сары түстүү гүлдөрү бар жайкы көйнөк, сол колунда сары түстөгү шакек болгон.
Сүрөттөгү жаран тууралуу кандайдыр бир маалымат билгендерди облустук милиция төмөнкү номерлерге чалып коюуну өтүнөт.
Байланыш телефону: 102, (03722) 5 28 31, 7 03 44, 0224 95 15 15.