"Ак шумкарлар" Палестинага каршы оюнга Олимпиадада медаль уткан балбандардын сүрөтү түшүрүлгөн футболка кийип чыгышты

Кечээ, 2-сентябрь күнү Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргыз курама командасы "Үч улут Кубогунун" алкагында Палестина курама командасы менен кез келип, 1:0 эсебинде жеңишке жетти.

Оюн алдындагы машыгууга кыргыз футболчулары "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарында медаль уткан кыргыз балбандарынын, тагыраагы Акжол Махмудов, Айсулуу Тыныбекова жана Мээрим Жуманазарованын сүрөтү түшүрүлгөн футболка менен чыгышты.

Өз кезегинде буга Айсулуу Тыныбекова социалдык тармактагы баракчасы аркылуу футболчуларга ыраазычылыгын билдирди.

Кыргыз өлкөсү Палестина курамасын 1:0 эсебинде утту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Sajakat14
2021-09-03 11:35:49
Сонун идея экен.
+3
kanybek1986
2021-09-03 14:43:49
Алимардон Шукурв Бразилиялык Коутиниого окшошго
+1
uli95
2021-09-03 16:50:22
Азаматсынар! Чуркаганды уйронуш керек!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан