Бишкектин Октябрь районунун акими Мирлан Эшкожоевге катуу сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 27-августта борбордук муниципалитетте биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйын өткөн.
"Жыйындын жыйынтыгында коронавирус инфекциясын алдын алуу, ошондой эле калкка маалымат берүү жана эмдөө боюнча жетишсиз иштегени үчүн Октябрь райондук акими Мирлан Эшкожоевге катуу сөгүш жарыяланган", - деп айтылат маалыматта.