Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы милиция бөлүмүндө эркек киши каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 31-август күнү саат 23:10 чамасында Сузак районунун Мундуз айылында жайгашкан милиция бөлүмүнө 45-50 жаштагы эркек киши өз ажалы менен каза болуп калгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
"Бул маалымат боюнча Сузак РИИБинин тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барып, жансыз денеге кароо жүргүзүшкөн. Териштирүүдө маркум айылдагы соода-сатык дүкөндөрүнүн бирине мас абалда барып, ызы-чуу салгандыгына байланыштуу дүкөн ээси милиция чакырткан. Милиция кызматкерлери келип, мас адамды аймактык милициянын бөлүмүнө алып келишкен. Ал ошол учурда өзүн жаман сезип жаткандыгын айтып, суу сурап ичкен. Андан соң милиция кызматкери "Тез жардам" кызматын чакыртып, биринчи тез жардам көрсөтүлүп жатканда белгисиз себептерден улам каза болуп калган.
Каза болгон жарандын өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Жансыз денени сырттан кароо жүргүзгөн учурда денесинен жарааттар байкалган эмес. Анын аты-жөнү аныкталып, ал Базар-Коргон районунун 1973-жылы туулган Т.Р. аттуу тургуну экендиги аныкталган. Маркумдун сөөгү туугандарына өткөрүп берилген", - деп жазылат маалыматта.