"Талибандар" артка чегинүүдө". Панжшерде түн кандай өттү?

Бүгүн, 3-сентябрга караган түнү Ооганстандын Панжшер провинциясындагы бир нече аймактар өкмөттүк күчтөрдүн карамагына өттү. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышты.

Маалыматка ылайык, түнү менен "Талибан" кыймылы Шотол аймагы, Хавак жана Анжуман ашууларында алдыга чыга алышкан эмес. Талибдер басып алган бир нече позиция эртең менен Каршылык фронтунун көзөмөлүнө өткөн. Ошол эле учурда талибдердин жоготуулары оор деп бааланууда.

Учурда Гүлбахар аймагында салгылашуулар уланууда. Телекоммуникация антеннасы талкаланган. Тышкы электр зымдары аркылуу провинцияларга электр энергиясы берилбей калды.

Панжшер провинциясы талибдер Ооганстанда көзөмөлдөбөгөн акыркы аймак болуп саналат. Учурда бул аймакта өкмөттүк күчтөр менен "Талибан" кыймылынын ортосунда катуу салгылашуу уланууда.

Белгилей кетүүчү нерсе, "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
ayzhan12
2021-09-03 14:27:58
Динди жактаган талибтериң бул кейпи менен алыска бара алышпайт. Ар кандай популисттик диний теориялар өлкөнү жакырчылыктан, жокчулуктан чыгара алышпайт. Андан көрө талибтер светтик башкарууга өтүп, коомду аял-эркек деп экиге бөлбөй, бирдей укук берип, жаңы замандын талабына ылайык билим-илим берип, жаңы муунду өстүрүп чыгуу керек. Аялдардын башына кысымга алуу менен өлкөдөгү маселе чечилбейт.
+1
Mister-XXX
2021-09-03 16:17:30
ayzhan12,Сенден бирөө сурадыбы?
-1
muku.85
2021-09-03 17:29:10
ayzhan12,чачты койо бергенден башка да соз билеспи талибтер динди толук тушунбойт динге толук кирген адам кумурсканын баласына зыянын тийгизбейт
+2
Danysh1
2021-09-04 10:20:49
ayzhan12,чачын койо берип деп койбойсуңбу
-1
Noon
2021-09-04 12:58:12
Уялам силерден комментарий жазган эркектер. Ушул эркектин жумушубу? Катындарга тен келип айтышып отурасынар . Жазып жатканда бетинер чымырабайбы, мен эркекминби же катынмынбы деп озунорго суроо берип? Алп Манастын тукумубуз деп кокурок кагып коюшат уялбай. Колдорунда телефон, айтышканы аялдар. Майдага конул бурбайт чыныгы эркек. Бул жакка жазгандар эркек кебетедеги катындар озуно ишеними жок. Чыныгы эркектер Кундуз кечке кара жанын карч уруп уйбуло, ата-эне багып иштеп журушот. Аларга алкыш
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан