Кытай бийлиги телеканалдарда кийими, чач жасалгасы, макияжы кыздардыкына түспөлдөш болгон, назик образдагы эркектерди көрсөтүүгө тыюу салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, сыналгыда мындай стилдеги мырзалардын көрсөтүлүүсү кытай жаштарын кайраттуу болууга үндөбөйт жана “чыныгы эркектик” сапатка жатпайт. Ошондой эле эфир алдында ырчылардын, актёрлордун сырткы көрүнүшү, кийими, чач жасалгалары алгач көзөмөлдөн өтүүсү керек. Эгерде алардын образдары талапка жооп бербесе, анда телеканалдар жылдыздарды мындан ары көрсөтүшпөйт.
Мындан тышкары Кытай өкмөтү телеберүүлөргө атактууларды, алардын жеке жашоосун жарнамалоого чекит койду. Өлкө бийлигинин айтымында, бул өлкөнүн баалуулуктарын чагылдырбайт. Анын ордуна Кытайдын салттуу маданиятын чагылдырган берүүлөр колдоого алынарын айткан. Ошондой эле кытай бийлиги интернет тармагына болгон көзөмөлдөрдү күчөттү.