Талибандар өзүнүн негизги өнөктөшү катары Кытай Эл Республикасын эсептейт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
“Кытай биздин башкы өнөктөшүбүз жана бизге чоң мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берет. Себеби Кытай Ооганстанга инвестиция салууга, кайра куруу иштерине жардам берүүгө даяр жана бизге дүйнө рыногуна чыгууга жол ачып берет ”, - деп билдирген талибдердин расмий өкүлү Забиулла Мужахид. Ошондой эле Кытай бийлиги өлкөгө тоо-кен тармагын калыбына келтирүүгө жардам берерин кошумчалаган.
“Мындан сырткары, талибандар Орусияны да башкы өнөктөш катары эсептейт. Ал эми Түркия жана Катар аэропорттору жакынкы үч күн ичинде тазаланып, кайра калыбына келтирилет. Сентябрда аба каттамдары өз ишин улантып баштайт”, - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.