2021-жылдын эң күлкүлүү жапайы жаныбарлардын сүрөттөрү жарыяланды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, калыстар тобу "Жапайы жаратылыштын күлкүлүү сүрөттөрү" сыйлыгынын финалисттерин жарыялады. Дүйнөнүн булуң-бурчунан фотографтар конкурска жиберген 7 миңден ашык сүрөттөрдүн ичинен эң күлкүлүү 42си тандап алынды.
Сынактын негиздөөчүсү Пол Жоунсон-Хикстин айтымында, калыстар тобу финалисттерди дароо тандай алышкан эмес, анткени бул жылы тартылган сүрөттөрдүн баары абдан күлкүлүү болгон. Натыйжада профессионалдар кандайдыр бир жол менен чечим кабыл алышып, талап кылынган 40 кадрдын ордуна 42ни тандашты. Ал эми кийинки баскычтагы финалисттерди тандоо бир топ кыйынчылык жаратат.
Эске салсак, сынактын жалпы жыйынтыгы 22-октябрда чыгарылат.