Кыргыз өлкөсүнө эс алганы келген словакиялык саякатчы түгөйлөр боз үйдө кыргыз салтында үйлөнүү тоюн өткөрүштү. Бул тууралуу "Travel Experts" саякат компаниясынын жетекчиси Сергей Глуховеров социалдык тармактагы баракчасына жарыялап, видеосу менен бөлүштү.
Айтымында, саякатчы түгөйлөр 13 адамдан түзүлгөн атайын тур менен Кыргыз өлкөсүнө эс алганы келишкен. Бирок алардын үйлөнүү той өткөрөрү тууралуу эч кимдин кабары болгон эмес.
“Биз Чоң-Кеминдин жашоочулары жана ынтымактуу командабыз менен биргеликте сонун той даярдадык!
Эки жаштын достору үйлөнүү той тууралуу таптакыр билишкен эмес. Бул эс алуу турунун акыркы күнү болчу. Эс алуучулар Чоң-Кеминге келип, алар жайгашкан бөлмөдө улуттук кийим кийинген адамдардын жүргөнүнө күбө болушту. Ал эми Айдана (гид) ал жерде кыргыздардын үйлөнүү тою болуп жатат окшойт деп аларды мейман катары катышып кетүүгө чакырып калды. Буга чейин саякатчылар чогуу кичи автобус менен чыгып кетишкенде үйлөнө турган жаш түгөйлөр калып калган эле. Алар чоочун бир тойго кирип бара жатышканына уялып, короого киришти... Бир маалда үйлөнүп жаткан жаш түгөйлөр пайда болгондо таң калганынан катып калышты", - деп жазып калтырган ал.
Ал эми андан соң кыргыз салтына ылайык, кадимкидей үйлөнүү той башталган. Алар кызды ата-энесинин үйүнөн алып чыгуу салтынан баштап, жубайлар бири-бирине нике шакегин такканга чейинки бардык салтты аткарышкан. Бул жөрөлгөлөрдүн бардыгы боз үйдө өткөн. Кызык жери, түгөйлөр шакектерге өз ысымдарын эмес “Kyrgyzstan 01.09.2021” деп жаздырып алышкан.
Эң кызыгы тойдогу ата-эне, тууган-туушкан, дос-курбулардын баарынын ролун айылдыктар аткарышкан.
"Жергиликтүү жашоочулар ушунчалык ролго кирип аткарышты дейсиң, мен өзүм дагы баш-отум менен чөмүлүп кеттим", - деп жазган Сергей Глуховеров.
"Бул чыныгы той болду. Түгөйлөр жада калса никесин расмий каттоочу кызматкер чакырууну каалашты. Бирок убакыт тар болгондуктан, бул нерсе мүмкүн болбой калды. Алар тойдон соң, түнкү каттам менен мекенине учуп кетишти. Ал жакка баргандан кийин расмий түрдө никени каттоодон өткөрүшөт", - деп кошумчалаган.