Бишкекте аялын өлтүрүп, сөөгүн жашыруу амалын издеп жаткан жеринен күйөөсү кармалды

Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерлери киши өлтүрүүгө шектүү жаранды кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-сентябрь күнү болжол менен саат 18:50 чамасында Бишкек ШИИББинин 102 кызматына Көлбаев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде жансыз дене табылганы боюнча маалымат келип түшкөн.

"Айтылган дарекке кызматкерлер келип маалыматты тактаганда, белгисиз аял үй-бүлөлүк чыр-чатак болгонун, бирок баары жакшы экенин айтып, кызматкерлерди кетирүүгө шашкан. Ал эми үйдүн 57 жаштагы жашоочусу өзүнүн 1987-жылы туулган С.О. аттуу келинин шаардын сырт жагында өлтүрүп койгондугун айткан.

Аталган дарекке кызматкерлер барганда 57 жаштагы кишинин баласы А.Д. аялын өлтүрүп, сөөктү жашыруунун амалын издеп жаткан жеринен кармалган.

Бул факты Аламүдүн РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Алдын ала маалыматтар боюнча, алгач шектүүнүн атасы күнөөнү моюнга алган, бирок териштирүүдө баласы өлтүрүүгө шектелип, камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан