1-октябрь күнү Бишкек шаарындагы "Манас" кинотеатрында IX "Ак илбирс" улуттук кино сыйлыгын тапшыруу кечеси өтөт. Бул тууралуу аталган сыйлыктын негиздөөчүлөрү Фейсбук баракчасына жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, буга чейин "Ак илбирс" кино сыйлыгын тапшыруу аземи 25-апрелге белгиленип, бирок пандемияга байланыштуу кийинкиге жылдырылган.
2019-жылы кино сыйлыкка талапкерлигин көрсөткөн 40 арыз келип, алардын арасынан 61 мүчөдөн турган комиссия жабык добуш берүү жолу менен сыйлыкка татыктууларын аныктаган.
Белгилей кетсек, "Ак илбирс" - ар жылы ата мекендик кино тармагынын мыктыларына тапшырылуучу улуттук кино сыйлык болуп саналат. Ал 2012-жылы негизделген.
Аталган кино сыйлык ар жылы 18 номинация боюнча эң алдыңкыларга ыйгарылып келет. Алар:
1. "Эң мыкты тасма"
2. "Эң мыкты режиссёр"
3. "Эң мыкты сценарий"
4. "Эң мыкты оператор"
5. "Эң мыкты сүрөтчү"
6. "Эң мыкты композитор"
7. "Эң мыкты үн режиссёру"
8. "Эң мыкты монтаж"
9. "Эн мыкты эркек ролу"
10. "Эң мыкты айым ролу"
11. "Эн мыкты даректүү тасма"
12. "Эң мыкты кыска метраждуу тасма"
13. "Эң мыкты көрүлгөн тасма"
14. "Улуттук кинематографияга салым кошкон тасма"
15. "Дүйнөлүк кинематографияга салым кошкон тасма"
16. "Борбордук азиядагы эң мыкты тасма"
17. "Борбордук азиядагы эң мыкты актёр"
18. "Борбордук Азиядагы эң мыкты актриса".