Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган "Талибан" кыймылы спецназдарынын сүрөттөрүн интернет желелерине жарыялашты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, жарыяланган сүрөттөрдөн атайын кийимдерди кийип, түрдүү курал кармаган аскерлерди көрүүгө болот.
Белгилей кетсек, август айында "Талибан" кыймылы Ооганстандын борбору Кабул шаарын басып кирип, өлкөгө толугу менен көзөмөл орнотконун жар салган.