Жаңы окуу жылында окуучулар сабак учурунда бет кап тагынууга милдеттүү болбойт. Бул тууралуу мектепке чейинки, мектептеги жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын алдыңкы адиси Айнура Кусеинова телеканалдардын бирине берген маегинде билдирди.
Маалыматка ылайык, мектепте бет кап тагынып жүрүү сунушталат, бирок милдеттүү эреже катары талап кылынбайт.
Белгилей кетсек, 15-сентябрдан тартып Кыргыз өлкөсүндө билим берүү мекемелериндеги окуу процесси оффлайн режиминде башталат.