14 жашында "Мисс гламур" номинациясына ээ болгон. Модель Бегимай Карыбекова 23 жашка чыкты

"Кыргызстан сулуусу-2017" сынагынын жеңүүчүсү, "Аалам сулуусу-2018" сынагынын катышуучусу, италиялык "Emporio Armani" компаниясынын модели Бегимай Карыбекова туулган күнүн белгиледи. Ал Бишкектеги барлардын биринде апасы жана досторунун курчоосунда, фейерверктердин коштоосунда туулган күнүн өткөрүп жаткан сүрөттөрүн Инстаграм баракчасына жүктөдү.

Модель тууралуу кызыктуу фактылар:

* Бегимай Карыбекова 1998-жылы 3-сентябрда Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айылында туулган.

* Ага 14 жашында "Кыргызстан сулуусу" сынагына катышууга сунуш түшүп, "Мисс гламур" номинациясына татыган. Андан соң 2014-жылы "Мисс бикини КМШ" эл аралык конкурсунда 3-вице-мисс, 2015-жылы эл аралык "Мисс Кейт", "Мисс туризм" сынактарында 1-вице-мисс наамын алган.

* 2016-жылы Германияда өткөн "Дүйнөнүн топ модели" сынагында 50 кыздын арасынан алдыңкы жетинчи орунга илинген. "Miss Intercontinental-2016" сынагынын катышуучусу болгон.

* Ал эми 2017-жылы "Кыргызстан сулуусу" титулунун ээси болуп, "Дүйнө сулуусу-2017" сулуулар конкурсуна жолдомо алган. Бирок Кытайдын Бишкектеги элчиси виза берүүдөн баш тарткандыгына байланыштуу бара албай калган.

* 2018-жылы "Аалам сулуусу-2018" дүйнөлүк сулуулар сынагына катышкан. Муну менен ал аталган сынакка катышкан биринчи кыргыз модель болуп эсептелет.

* Кыргыз өлкөсүндө ал өзүнүн моделдик мектебин негиздеген. Бүгүн, 3-сентябрда 23 жашка толду.

3-сентябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Pankration_MMA
2021-09-03 17:26:13
Мисс, модел, актрисалардын жашоосу жашоо эмес, только бузукулук жашоо.
+3
KaGaH
2021-09-03 19:53:14
Pankration_MMA,+
-2
Almaz-pazilbaiuulu
2021-09-03 17:54:47
Кыргызстан чемпион по танковые биатлону
+5
ayzhan12
2021-09-03 18:41:13
Азаматсың ден соолукта бол. Ар бир аялдын маанилүү сапаттардын бири - тышкы келбетүүлүгү жана сулуулугу. Ал үчүн кыз киши сырткы сулуулугуна жакшы кам көрүүнү унутпаш керек. Адам табиятында сулуулука дайыма суйуу сезим менен карап келген. Андыктан ар бир аял мыкты чач жасалгаларды жасатып, жарашыктуу кийимдерди тандоо керек. Мыкты жасалган айымдардын чачтары ар дайым сулуулуктун, ден соолуктун белгиси болуп эсептелет.
-5
KaGaH
2021-09-03 19:54:23
ayzhan12,койчу ай)))
Акчам көп болуп олигарх болгондо силерге окшогондорду кезектеп пакылдатмакмын
+3
akmanai
2021-09-03 22:06:09
Сулуулук аны аздектеп алып журуу да чон эрдик. Бугунку кундо моделдик кесип дуйнонун эн белгилуу кесиптеринин бири. Бегимай жаш экенине карабай озунун мээнеткечтиги, максатты туура коюп, ага жете билген аракетчилдиги менен мени суктандырат. Туулган кунун менен! Ден соолукта бол. Сага бакыт жана ийгилик каалайм. Тилектерине жет!
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан