Португалиялык атактуу футболчу Криштиану Роналду Улуу Британиянын королевасы Елизавета II'ге кол тамга берген тарыхтагы алгачкы адам болуп калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, ханыша Елизавета II "Манчестер Юнайтед" клубунун жетекчилигинен Роналдунун 80 даана футболкасын ханышанын сарайы үчүн берүүсүн өтүнгөн.
Ошентип ал Криштиану Роналдунун Олд-Траффордго (Манчестер Юнайтеддин стадиону) кайтып келгенде кол койгон алгачкы футболкасына ээ болгон.
Муну менен 36 жаштагы футболчу Улуу Британия ханышасына кол тамга берген алгачкы адам катары тарыхта калды.
Эске салсак, "Ювентустун" мурдагы чабуулчусу Криштиану Роналду өткөн аптада англиялык "Манчестер Юнайтед" клубуна кошулган.