
Жеңиш Молдокматов СИЗО-1ден №47 абакка которулду. Бул тууралуу "Туран" партиясынын мүчөсү
Эрлан Бекчоро уулу билдирди.
Маалыматка ылайык, Жеңиш Молдокматов 19-августта аталган абакка которулган.
"Азыр ден соолугуна байланыштуу дарыланып жатат. Кечээ, 2-сентябрда Биринчи Май райондук соту 6-октябрга чейин камакта калтырды", - деп билдирди Бекчоро уулу.
Жеңиш Молдокматов УКМК тарабынан кармалып, башында Ички иштер министрлиги Молдокматовго октябрь окуяларында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имаратын басып алууга аракет
кылган деп айыптаган. Андан соң айыпты “массалык баш аламандык” беренесине өзгөртүшкөн.
Андан соң Молдокматов ачкачылык жарыялап, 11 күндөн кийин ооруп калганына байланыштуу токтоткон.