"Президенттин учагы деген аты эле болбосо эски экен" дейт президенттин учагы менен учкан Гүлжигит Калыков

Түркмөнстанда өткөн 5 мамлекеттин ажолору катышкан мамлекеттик иш-чарага барган Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Калыков маек берип жатып, Ашхабаддан президенттин учагы менен келгенин, аты эле болбосо эски экендигин айтат.

"Жол азабы, көр азабы дегенди ошондо көрдүм. Себеби кетип жатканда жолдо аябай кыйналгам. Биздин өлкөнүн атынан ырчылардан Гүлзинат Суранчиева экөөбүз барганбыз. Кийин министр Кайрат Иманалиев келгенде бизди да кошо учак менен ала кеткилечи, Гүлзинат эжени отургузуп, мен туруп болсо деле кете берем дедим. Президенттин учагы деген эле аты эле болбосо эски экен. Ичи да ысык. От алганда эшиктери ачылып кетти. Коопсуздугу тууралуу айтсам абалы өтө начар. Президенттин жеке дарыгери биз менен отуруп калды, "Германияга барсак учкучтар келип сүрөткө түштү эски учак экен, азыр мындайлар жок деп" дейт. Эки саатта аман-эсен учуп келдик", - дейт Калыков.



Гүлжигит Калыков: “Президенттин учагы аябай эски экен”
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Rifle_I
2021-09-03 19:49:59
Путин берген учакпы бул ?
-3
bond02
2021-09-03 20:31:31
Эшегине жараша тушагы да.
-6
Aidar.001
2021-09-03 21:06:13
Кедей байга жетем десе, бай кудайга жетем деген экен! Барына шугур кылалы!
+3
akmanai
2021-09-03 21:57:26
Биздин олкобуздо баары мыкты денгээлге болсо экен. Президенттин учагынан баштап, жонокой адамдын уйуно чейин. Ошол кундор батыраак келсе экен. Кудай колдосун олкобузду
+4
Dembele84
2021-09-03 22:04:24
Тыртайган сени!
0
Bak.taalai
2021-09-03 23:30:47
Чондун баары биздики эмес да жеп жутуп итин кошо самолет менен камсыздачу
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан