4 жаштагы Шабдан Абдывалиев 3 бир туугандын эң кенжеси, ага 2019-жылы дарыгерлер кандын рагы деген диагноз коюшкан. "Чуркап ойноп эле жүргөн балам сасык тумоодой болуп ооруп, ушундай дартка кабылып калды" деген Шабдандын апасы Тахмина Бактыбек кызы төмөнкүлөрдү айтып берди.
"Таласта жашайбыз, үч балабыз бар. Шабдан эң кичинебиз. 2019-жылы эле сасык тумоодой болуп дене табы түшпөй ооруп калды. Мындай ооруйт деп үч уктасак түшүбүзгө кирген эмес. Дарыгерлер Таластан Бишкекке алып барып көрсөткүлө деп айтышты. Республикалык ооруканада жатсак кандын рагына окшоп жатат, онкологиялык ооруканага баргыла дешти. Ал жактан 90 пайыз кандын рагы деп айтышты. Эки жылдан бери ушул оору менен алышып келебиз. Гормондук жана химиялык дарыларды алды, эми дагы 3 химиялык терапиядан өтөбүз. Андан соң чет өлкөгө алып баруу зарыл экен. Болбосо баланын өмүрү коркунучта дешти. Түркияга алып баруу үчүн 80 миң АКШ доллары керек экен, ага биздин каражатыбыз жок болуп, кайрымдуу элден жардам суроого аргасызбыз", - дейт Бактыбек кызы.
Шабданга жардам берүү үчүн реквизиттер:
ЭЛКАРТ: 1031 1202 0067 2974
МБАНК: 0553 981 681
ЭЛСОМ: 0553 981 681
О! ДЕНЬГИ: 0706 53 85 09
СБЕРБАНК: 5336 6901 8449 2389
СБЕР БАНК ОНЛАЙН: +79773511521- Эжеси Кожокеева С.А
ОПТИМА БАНК: 1097 9417 4084 5220
ОПТИМА БАНК: 4169 5853 4901 1154
РСК БАНК 29 92 273
Байланыш телефондор:
Атасы: 0553 981 681;
Апасы: 0709 077 531.