Ынтымак-2 сейил багында кыргыз-казак достук аллеясы ачылды

Бишкектеги Ынтымак-2 сейил багында Кыргыз өлкөсүнүн жана Казакстан Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган кыргыз-казак элинин достук аллеясынын ачылышы болду. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшат Асылбаева, Казакстандын Кыргыз өлкөсүндөгү атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Рапил Жошыбаев, "KAZ Minerals Bozymchak" ЖЧКсынын башкы директору Ильяс Тулекеев катышып, карагай отургузушту.

"Эми аллея достуктун жана биримдиктин символу катары 40 карагай менен кооздолот. Келечекте борборубузда казак эл акыны Абайдын эстелиги, Нур-Султан шаарында Манастын эстелиги тургузулат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан