Япониянын премьер-министри Ёсихидэ Суга кызматтан кетерин жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Премьер-министрдин айтымында, анын чечимине колдоо рейтингинин 30 пайыздан төмөн түшүшү негиз болгон. Анын ичинде коронавируска каршы күрөштөгү кадамдар, анткени өлкө COVID-19 инфекциясы менен күрөшүп жатат.
"Мен өлкөдөгү коронавирус менен күрөшүүгө көңүл бургум келет, ошондуктан партиядагы лидерлик үчүн жарышка катышпоону чечтим. Инфекция менен күрөшүү, лидерлик үчүн жарышка даярдануу үчүн да көп күч керек. Алардын бирине токтолушум керек деп ойлодум", - деген Суга.
Премьер-министр кийинки аптада маалымат жыйын берерин кошумчалаган.
Ёсихидэ Суга 2020-жылдын 14-сентябрынан бери Япониянын "Либерал -демократиялык" партиясынын төрагасы жана 2020-жылдын 16-сентябрынан тарта Япониянын премьер-министри кызматын аркалап келет.
Эске салсак, буга чейин Ёсихидэ Суга баласы чиновниктер менен тамактанганы үчүн кечирим сураганы жазылган.