"Мен тез сүзө алам, бирок колум жок". Кытайлык колу жок суучул дүйнөнү багындырды

Кытайлык "Колу жок сүзүүчү" деп таанылган 30 жаштагы Чжэн Тао Токиодогу Паралимпиада оюндарында төрт алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Басылмалардын маалыматына ылайык, Чжен Тао сууда сузүүнүн төрт түрү боюнча биринчиликти багындырды. Анын үч жеңиши ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулардын арасында дүйнөлүк рекорд болуп калды.

Чжэн Тао кичинекей кезинде электр тогунун соккусунан эки колунан ажыраган.

Социалдык тармактардагы анын эки жашар кызына болгон видео кайрылуусу популярдуу болду. Ал дүйшөмбү күнү сууда сүзүүдөн кийин: "Кызым, мени карачы, мен тез сүзө алам, бирок колум жок", - деген видео кайрылуу жасаган.

Шаршемби күнү Чжэн Тао уткан 50 метрге эркин сүзүү боюнча алтын медаль Кытайдын социалдык медиасында өзгөчө толкундануу жаратты. Анткени бул Кытайдын Паралимпиада оюндары башталгандан, тагыраагы 1984-жылдан бери 500-медаль болуп калды.

Колдонуучулар спортчунун булчуңуна суктанышат. "Мен бүт күчүмдү жумшадым, анткени бул менин 2020 Паралимпиада оюндарындагы акыркы оюнум болду. Бул менин жашоомдогу эң мыкты сүзүүлөрдүн бири", - деген ал мелдештен кийин журналисттерге маек берип жатып.

Эскерте кетсек, ал Лондондо (2012) жана Рио-де-Жанейродо (2016) өткөн Паралимпиада оюндарына катышып, 100 метрге чалкалап сүзүү боюнча бир алтын утуп алган. Жалпысынан ал тогуз Паралимпиадалык сыйлыктын ээси.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Sajakat14
2021-09-05 01:31:55
Укмуш бала экен. Сөз жок!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан