Казакстанда канаттуулар фабрикасында тооктор ачкалыктан массалык түрдө кырылууда

Казакстандын Акмола облусундагы канаттуулар фабрикасында тооктор массалык түрдө кырылууда. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, канаттуулардын жугуштуу оорусуна ачарчылык себеп болууда. Тоокторго аптасына эки жолу гана жем берилет.

Ишкананын кызматкерлеринин айтымында, күнүнө үч миңдей тоок өлөт. Жумушчулар бул көрүнүш улана берсе жумушсуз калуудан коркушат. Бул жерде иштегендердин орточо айлыгы 50 миң теңгеге (9000 сомдун тегереги) жетпейт, бирок бул акчаны да алар эки айдан бери ала элек.

"Акыркы беш жылдын ичинде биз айлыкты убагында ала алган жокпуз, дайыма аны сурап турууга туура келет. Биз дайыма убадаларды гана угуп келебиз. Алар ошондой эле пенсияны, медициналык камсыздандырууну которушпайт", - дешет канаттуулар фабрикасынын кызматкерлери.

Канаттуулар фабрикасы аймакты жумуртка менен да, эт менен да камсыздоону эчак токтоткон. Жетекчиликтин айтымында, олуттуу көйгөйлөр кыш мезгилинде эле башталган. Канаттуулар үчүн жем өтө кымбат болуп, андан кийин атаандаштар рынокко киришти. Эми компания кыйын абалда турат. Ишкана жетекчилери тирүү калган канаттууларды сатыкка коюуну пландап жатышат. Түшкөн каражат эмгек акы боюнча карызды жабат. Фабриканын өзү азырынча үч айга жабылуу чечимине келди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан