Келтирилген чыгым 50 миң доллардан көп. Бишкекте уурулукка шектелип 4 адам кармалды

Бишкекте уурулукка шектелип 4 адам кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, август айында Октябрь РИИБине белгисиз жарандар шаардын аймагында атайылап уурулук жасап жүрөт деген маалымат түшкөн.

Криминалдык милициянын кызматкерлери тарабынан 2-августтан 3-августка караган түнү Көк-Жар конушундагы менчик үйлөрдүн биринде уурулукка тиешеси бар кылмыштуу топ бар экендиги аныктаган. Анда 50 миң 600 доллар өлчөмүндөгү каражат жашыруун уурдалгандыгы белгилүү болгон.

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси ("уурдоо") боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. Кылмышка шектүү катары 1999-жылы туулган С.Б., 2003-жылы туулган С.Б., 1998-жылы туулган Э.А. жана 1999-жылы туулган К.Б колго түшүрүлүп, тергөө кызматына жеткирилди.

Учурда тиешелүү териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Жогорудагы адамдардан жапа чеккендер болсо төмөнкү телефондорго кайрылса болот: 0 (555) 26-99-77 жана 102.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан