Кыргыз балбандары Казанда өткөн мелдеште үч медаль утушту

Кыргыз балбандары Казанда өткөн мелдеште үч медаль утуп алышты. Бул тууралуу Күрөш федерациясы социалдык баракчасына жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Казанда грек-рим күрөшү боюнча КМШ өлкөлөрүнүн биринчи оюндарында коло байгеге Адилхан Нурланбеков, Бекзат Орункул уулу жана Нурманбет Раймалы уулу ээ болушту.

Белгилей кетсек, 4-сентябрдан баштап Казань шаарында КМШ өлкөлөрүнүн биринчи оюндары өтүүдө. Мелдеш 11-сентябрга чейин уланат. Оюндарга КМШнын тогуз өлкөсүнөн 14 жаштан 23 жашка чейинки миңден ашуун спортчу катышууда.

Кыргыз балбандары Казань шаарында өткөн мелдеште байгелүү орунга жетишти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан