Биз социалдык тармакта

Ошто жол кыймылына көзөмөл жүргүзүүчү 11 видеокамера орнотулду

Ош шаарында 11 кесилишке жол эрежесин бузган автоунааларды тарткан жана адамдын жүзүн тааныган камералар орнотулду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, "Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабында Ошто жол кыймылынын эрежелерин бузууга фото-видео көзөмөл кылуучу 11 камера орнотулду.

Долбоорго ылайык, шаардын 35 негизги кесилиштеринде 600дөн ашык аппараттык-программалык комплекстерди орнотуу пландаштырылган, алар онлайн режиминде жолдордогу жол кыймылынын эрежелердин бузулушун каттайт.

"Коопсуз шаардын" экинчи компоненти республиканын бардык аймактарын, республикалык 2 шаарды жана 15 облустук маанидеги шаарды, 73 калктуу конушту камтыйт. "Коопсуз шаар" компонентинин экинчи этабын 2022-жылдын 10-мартында бүтүрүү пландалууда. Ал эми Ош шаарында сентябрь айынын аяктары жана октябрдын башында ишке берилүүсү күтүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nurdan2018
2021-09-04 22:46:37
Биринчи кезекте шаардын жолдорун ондогула андан кийин камераны койбойсунарбы элдин канын соргон мите курттар
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан