Биз социалдык тармакта

Орусияда өткөн Танк Биатлонунда чемпион болгон кыргыз жоокерлери сыйланды

Буга чейин Кыргыз өлкөсүнүн жоокерлери Орусияда өтүп жаткан "Танк Биатлону 2021" эстафетасында чемпион болушканы маалымдалган.

Мелдештин жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басмө сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, биатлондун экинчи дивизионунда үчүнчү орунду Мьянма, экинчи орунду Тажикстан жана биринчи орунду Кыргыз өлкөсүнүн курамасы алды. Кыргыз аскерлери биринчи орунга чыккандыгы үчүн кийинки жылы биатлондун биринчи дивизионунда күчүн сынайт.

Кубокту жеңүүчүлөргө Кургактагы аскер бөлүгүнүн башкы командири, армиянын генералы Олег Салюков тапшырды.

Эскерте кетсек, 2-сентябрда "АрМИ-2021" эл аралык оюндарынын алкагында өтүп жаткан Танк жарышынын финалдык оюну болуп өткөн. Анда кыргыз танкачылары Мьянма, Тажикстан жана Түштүк Осетиянын танкачылары менен күч сынашып, жеңишке ээ болушту. Кыргыз жоокерлери жалпы оюндун жыйынтыгында марага 2 саат 16 мүнөт 51 секундда кирип келишкен. Мекендештер финалда көк түстөгү танк менен жарышка чыгышкан.

Орусиядагы "Алабино" полигонунда өтүп жаткан Танк Биатлону 22-августта башталган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
salimbek87.kg
2021-09-04 16:33:25
Сыйлык кут болсун азаматсынар баракелде
+5
ErkinOkenovich
2021-09-04 17:49:06
Азаматсынар жигиттер!сыйлык кут болсун.
+2
NURSAPAR
2021-09-04 19:14:40
Азаматсыңар жигиттер өтө сонун болду
+2
Mylatka..
2021-09-04 20:24:03
Соонун !Сыйлык кут болсун
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан