Ырчы Кызсайкал Кабылова өзүнүн Инстаграм баракчасына бейтааныш жигит менен түшкөн сүрөтүн жүктөп, жүрөк белгисин коюп койгон. Интернет колдонуучулары ага бакыт каалап, ал эми сүрөттөгү мырза ким экендигине кызыгып, комментарий жазышууда.
Бул боюнча ырчы айымга байланышканыбызда төмөнкүдөй жооп берди.
"Бакыт каалап, менин бактылуу болушумду тилеп жаткандарга ыраазымын. Мен дагы аларга чексиз бакыт каалайм. Ал эми сүрөттөгү мырза сыр боюнча калсын. Жеке жашоомду элге айтпайм деп сөз бергем. Ал сыр", - дейт Кабылова.
Эске салсак, Кызсайкал Кабылова 2017-жылы турмушка чыгып, Алфия аттуу кыздуу болуп, бирок эки башка жолго түшкөн.