Эртең аяктайт. Москвада Дөөлөт Сыдыков 5 күндөн бери манас айтууда

Орусиянын Москва шаарында "Гиннесстин рекорддор китебине" катталуу үчүн манас айтып жаткан манасчы Дөөлөт Сыдыков болжол менен эртең, тактап айтканда 5-сентябрда түштөн кийин манас айтууну жыйынтыктайт. Бул тууралуу уюштуруучу Гүлзар Кокенова SUPER.KG порталына билдирди.

"Азыркы тапта 4-күндүн 5 сааты айтылып бүттү. Кудай буюрса, эртең болжол менен түш чендерде манас айтуу жыйынтыкталышы мүмкүн. Күбөлөр, эксперттер убакытты көзөмөлдөп жатышат. Бул манасчынын саламаттыгынан көз каранды. Дөөлөт Сыдыков өзүн жакшы сезип жатат. Манасты 9-10 саатка чейин айтып, ортодо 1-2 сааттай эс алып жатат. Бизди Орусияда эмгектенген мекендештерибиз келип колдоп жатышат. Бизди кубандырганы бул жактагы кыргыздар өтө ынтымактуу экен. Улуттук кийимдерди кийип келип, колдон келишинче колдоо көрсөтүшүүдө", - деп билдирди Кокенова

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Pankration_MMA
2021-09-04 20:42:02
Москванын кайсы жеринде айтып атат өзү?
0
Tyty1990
2021-09-04 22:59:32
Pankration_MMA, Путиндин кабинетинен чыгып коридорго кирерде сол эшикте
+4
ayzhan12
2021-09-04 23:18:16
Tyty1990,
Айкөл Манас колдосун. Манас илими бүт дүйнөдө жашасын, жайылсын жана Айкөл Манасты туу туткандар көп болсун.
0
Samash-87
2021-09-05 08:35:28
ayzhan12,өлгөн адам кантип колдойт? Где логика?
+1
mira28
2021-09-05 12:27:44
Samash-87,Манас ооздон оозго айтылып келген кыргызды дуйного таанылткан эпос.Байыртадан кыргыз эли алп Манасты кудайдан келген пири катары санап келген,Себеби Манас оз баатырлыгын корсотуп кыргыз тукумун сактап калган.Ошондуктан Манастын арбагы да колдойт бизди деген тушунукто жашашкан жана жашап келе жатабыз.Сенин логикан интернет чыккандан эле башталган логика,жаны ислам дининине кирип жашап алгансынар,башка бироонун ой-толгоосу ойлондуруп да койбойт.Интернет аркылуу 4,5 фразаны окуп же
-1
mira28
2021-09-05 12:30:12
Samash-87, угуп алып анан эле билерман киши болуп чыга каласынар.Дагы деле чон-ата чон энелерге куран окуганда арбактары жолоп таяп журсун деп бата тартат чон кишилер.
0
Sajakat14
2021-09-05 01:27:42
Pankration_MMA, кыргыз элчилигинде болсо керекда.
0
bond0202
2021-09-04 21:11:52
Болду эми токтотсун.1-2кун айтса деле рекорд болот.башка эч ким антип айта албайт
-3
amirrus
2021-09-04 21:59:27
Тиргилик кылып журушот да алар Москвада,силерге убактысы эмес желание деле жок болуш керек...Тааныш билиш 9-10 киши айласы жок келиптир да ,озу сууну синген жерге чач дегендей, Манасты уккан адамга айтсанар дурус болмок
-1
mira28
2021-09-05 12:21:02
amirrus,баргандар барып эле журот,патриоттор толтура Москвада,кыргыз дегенде жеген ичкенин жерге коюп чуркагандар.Жазында Кыргыз баатырларынын айкелдеринин жан жакыбелин тазалоого чакырганда барган,Манас укканы кантип барбай коюшсун.Балдарыбыз орус болуп бутмой болду,адресин толук жаза кетсенер болмоК.Орустун театрларына да барып жатабыз,Манас угууга бармакпыз.
0
akmanai
2021-09-04 22:07:18
Жакшы соз айта албасан унчукпа дегенди жазгым келди
+7
bekalife
2021-09-05 20:36:11
Мейли урушпаныздар. Бизде бир нерсе болсоле уруш жанжал менен коштолот негедир. Тооба
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан