Сүйүнчү! Кыргыз балбан кызы Калмира Билимбек кызы КМШ оюндарында алтын медаль утту

Эркин күрөш боюнча балбан Калмира Билимбек кызы Орусиянын Казань шаарында өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн оюндарында алтын медаль тагынды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматынан билдиришти.

Эске салсак, Калмира Билимбек кызы буга чейин Уфа шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунда да күмүш медалга ээ болгон.

КМШ оюндарында ошондой эле грек-рим күрөшү боюнча балбандарыбыз Бекзат Орункул уулу, Нурманбет Раймалы уулу жана Адилхан Нурланбеков коло медалды камсыздашты.

Белгилей кетсек, бул күндөр аралыгында Казань шаарында биринчи жолу өткөрүлүп жаткан "КМШ өлкөлөрүнүн оюндары" аталышында спорттук мелдештер өтүүдө. Анда 16 спорт түрүнөн (бадминтон, баскетбол, бокс, бел боо күрөшү, дзюдо, каратэ, стол тенниси, тай бокс, ок атуу, спорттук күрөш, самбо, бий спорту, футзал жана көркөм гимнастика) 184 комплект медаль ойнотулат.

Мелдештерге жалпысынан 1500гө жакын спортчу катышууда. Ал эми Кыргыз өлкөсүнүн атынан спорттун 13 түрүнөн жалпы 150дөн ашык спортчу өлкө намысын коргоп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Aidar.001
2021-09-04 23:01:20
Молодец карындаш
+5
ayzhan12
2021-09-04 23:16:05
Акыркы убактарда кыздар арасында мыктылар чыгып жатышат. Бул деген нерсе жаштардын келечеги бар дегенди билдирет. Кыздар башыңарды жерге салбай, өз жашооңорго өзүңөр кожоюн болуп, чечимди өзүңөр кабыл алсаңар ушундай ийгиликке жетүүгө шарт түзөт.
+3
mr.ulan89
2021-09-05 09:18:02
Азаматсын Калмира откондо Уфадан келгенде жакшы тоспой койушуптур эми Казаньдан жакшылап тосуп алгылачы
+2
heaven2016
2021-09-05 10:48:03
Азамат кызым
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан