Египетте автобус жол кырсыгына кабылып, 12 адам каза болду. Ошондой эле дагы 40ка чукул жаран жаракат алды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, автобус Шарм-эш-Шейх шаарынан Каирге бара жаткан. Кырсыктан жабыркагандардын арасында кичинекей балдар дагы бар.
"Жабыркагандардын көпчүлүгү оор абалда. Бир канча египеттик үй-бүлө Кызыл деңиздеги курорттон кайтып келе жатышкан.
Кырсык Каирден 100 чакырымдай алыстыктагы Суэц шаарына жакын жерде болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, айдоочу рулду башкара албай калып, автобус жолдогу бетон тосмону сүзүп, оодарылып кеткен. Кырсык болгон жерге 30га жакын "Тез жардам" унаасы жөнөтүлгөн. Жабыркагандар ооруканага жеткирилди", - деп жазылат маалыматта.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, Египетте жылына 12 миң адам жол кырсыгынан каза болот.