Орусиялык ырчы МакSим Биринчи каналдагы Иван Урганттын шоусунун эфирине чыгып, катуу оорудан кийин биринчи интервьюсун берди. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматта жазылгандай, ырчы абдан тез сакайып бара жатканын айтып, анын ден соолугу үчүн тынчсыздангандардын баарына ыраазычылык билдирди. Ошондой эле МакSим интервьюсунда күйөрмандарына ыраазычылыгын билдирип, алардын колдоосу айыгып кетишине жардам бергенин белгиледи.
"Мен үчүн тынчсызданган күйөрмандарымдын баарына чоң рахмат айткым келет. Силердин колдооңордун аркасы менен жакшы болуп жатам", - деген ырчы.
Ошондой эле МакSим комадан чыкканда, дарыгерлер эмнени каалап жатканын сурашкан. Ырчы чизбургер, кычкыл соус жана кола сураганын айткан.
Буга чейин жасалма комада жаткан орусиялык ырчы МакSимдин абалы дагы начарлап, өпкөсүнүн оң тарабы иштебей калганы, ага жасалма дем алдыруучу аппарат да жардам бербей жаткандыгы жазылган болчу.
Эскерте кетсек, ырчы МакSимдин өпкөсүнүн 40 пайызы жабыркап, ооруканага жаткырылганы 16-июнда белгилүү болгон. Кийинчерээк андан дагы бир илдет аныкталып, ырчы оор абалда жасалма комада жаткандыгы кабарланган.
Андан соң ырчынын акырын басып, сейилдеп жүргөн видеосу социалдык тармактарга тараган.