"Түндүк электр" ишканасы эртеңден баштап 7 миң 200 абоненттин электр жарыгын карызы үчүн аралыктан өчүрөт. Бул тууралуу аталган ишкананын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, шаар тургундарынын электр энергиясы үчүн 6 миллион 400 миң сомдон ашуун карызы бар.
"Электр жарыгы үчүн карызы бар же жок экендигин "Түндүк электр" ишканасынын кардарлары кол телефонундагы тиркеме аркылуу же 1209 номуруна түз чалып билсе болот", - деп жазылат маалыматта.