"Ювентустун" жаш футболчусу Брайан Додьен 17 жашында каза болду. Спортчу бир нече жылдар бою залалдуу шишик дарты менен күрөшүп келгенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Додьенден рактын таякчалары 12 жашында табылган. Клуб оюнчунун оорусу тууралуу билгенде, "Ювентуста" ойногон жарым коргоочу Поль Погба ага "Торино" менен болгон беттеште дарбазага киргизген голун арнаган. Ал футболкасынын ичинен кийген майкасына мындай деп жазып алган: "Брайан, биз сен мененбиз!".
Үч жылдан кийин Додьен ооруну жеңип, команданын курамында ойной баштаган. Буга байланыштуу Погба оюнчуга футболкасын белекке берген.
Футболчунун өлүмүнүн себептери айтылган жок. Погба Додьендин өлүмүн "эң кайгылуу кабар" деп атады. "Аза-кайгыңды жакындарың менен тең бөлүшөм. Жакшы көргөн адамыңды жоготуу оңой эмес, бирок мен сени эч качан унутпайм", - деп жазган социалдык баракчасына.