"Нон-стоп" дуэтинин ырчысы Максат Садырбеков 1992-жылы 5-сентябрда төрөлгөн. Мектепти бүткөн соң Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайына тапшырган. Үй-бүлөдө 3 бир туугандын кичүүсү, өзүнөн улуу 2 эжеси бар. Атасы эркек балалуу болууну көптөн бери максат кылып жүргөн кезде төрөлгөндүктөн атын Максат деп коюшкан.
SUPER.KG порталы ырчыны туулган күнү менен куттуктап байланышканда, төмөнкүлөргө токтолду.
"Мени алгач туулган күнүм менен үй-бүлөм, жакындарым куттукташты. Туулган күнүмдү утурлай үй-бүлөмдү алып Ысык-Көлгө эс алууга кеткем. Апам, жубайым жана кызым жанымда. Туулган күнүмдү үй-бүлөмдүн кучагында өткөрөм. Кудай буюрса, кийинки жылы 30 жашка кадам таштайм. Ага чейин жакшы ийгиликтерге жетишип, чыгармачылыгымды дагы өркүндөтөм деген изги тилек, илгери үмүттөрүм бар", - деп билдирди ырчы жигит.
5-сентябрга карата жылнаама.