23 спорт түрүнөн күч сынашат. Ысык-Көлдө эл аралык спорттук мелдештер старт алды

Бүгүн, 5-сентябрда Ысык-Көл облусундагы Бактуу-Долонту айылында "XX Эл аралык Ысык-Көл оюндары" старт алды. Аталган спорттук мелдештер "Азия - кызматташтыктын жана тынчтыктын аймагы" урааны астында өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, оюндарга жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн, КМШ (Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги), ШКУ (Шанхай кызматташтык уюму) мамлекеттеринен жана Кыргыз өлкөсүнүн ар кайсы облустарынан келген жашы 18ден жогору спортчулар катышууда.

Спортчулар 23 спорт түрүнөн күч сынашат. Алар: кол күрөш, баскетбол, волейбол, гира спорту, дартс, жеңил атлетика, кичи футбол, таяк тартыш, сууда сүзүү, бука тартыш, оордуктарды ташуу, кыргыз күрөш, жаа атуу, кум жээктеги футбол, кум жээктеги волейбол, кум жээктеги регби, кум жээктеги күрөш, кум жээктеги самбо, кум жээктеги сумо, алыш күрөш жана жапырт жүгүрүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан