Австралияда акула жергиликтүү тургунга кол салып, колун тиштеп алды. Тилекке каршы, дарыгерлер жарандын өмүрүн сактап кала алышкан жок. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, акуланын кол салуусунан каза болгон жаран 30 жашта болгон. Аталган окуя Шелли пляжында орун алган.
Акула кол салган жаранга эс алуучулар жардам берүүгө аракет кылышкан. Ошондой эле жээкте анын өмүрүн сактап калуу үчүн медициналык кызматкерлердин 4 бригадасы күрөшкөн. Бирок анын өмүрүн сактап кала алышкан эмес.